Телеканалдардын берүүсүнүн 60 пайызы кыргызча болууга тийиш
Бүгүн, 15-январда маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаевдин жетекчилиги алдында өлкөдөгү бардык телеуюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.Маданият министрлиги билдиргендей, жыйында телеканалдарды ата мекендик өндүрүштөгү жана кыргыз тилиндеги контент менен камсыз кылуу маселеси кеңири талкууланган. Марат Тагаев телерадиоуюмдардын маалыматтык ишинде мамлекеттик тилдеги жана ата мекендик өндүрүштөгү программалардын жана берүүлөрдүн жалпы көлөмү прайм-тайм убактысында 60 пайыздан кем болбошу керектигин белгилеген.
"Жеке телеканалдар өз стратегиясы менен өнүгүүсүнө тоскоол болбойбуз. Бирок мыйзамдын талаптары, айрыкча кыргыз тили боюнча нормалар сөзсүз сакталууга тийиш. Айрым жеке телеканалдар мыйзамдын талабын аткаруу максатында гана он жыл мурдагы бир кыргызча программаны күн сайын кайра-кайра көрсөткөн көрүнүштөр бар.
Алар мындай жол аркылуу мыйзамдын талабын аткарган менен, керектөөчүлөрдүн, телекөрүүчүлөрдүн дагы укугун бузуп жатат. Бул телекөрүүчүгө болгон сыйлабастык. Мындай тасма гана көрсөткөн телеканалдар өзүнүн продукциясын өндүрүп, чынында иштеп жаткан телеканалдардан жарнамадан түшчү каражаттарды дагы бөлүп кетип жатат", - деген ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















