"Кыргызфильмдин" казынасындагы тасма, мультфильм жана сериалдар көрсөтүүгө чыгарылат
Бүгүн, 15-январда маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаевдин жетекчилиги алдында өлкөдөгү бардык телеуюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.
Маданият министрлиги билдиргендей, жыйында телеканалдарды ата мекендик өндүрүштөгү жана кыргыз тилиндеги контент менен камсыз кылуу маселеси кеңири талкууланды. Марат Тагаев телерадиоуюмдардын маалыматтык ишинде мамлекеттик тилдеги жана ата мекендик өндүрүштөгү программалардын жана берүүлөрдүн жалпы көлөмү прайм-тайм убактысында 60 пайыздан кем болбошу керектигин белгилеген.
Мындан улам министрлик өлкөдө иш алып барган бардык телеканалдарга "Кыргызфильмдин" казынасында турган 400дөн ашык толук метраждуу жана документалдуу тасмаларды, 40тан ашык анимациялык мультфильмдерди жана акыркы жылдары "Кыргызсериал" мекемеси тарабынан тартылган 10дон ашык сериалдарды бекер берүүнү чечкен.
Андыктан Кыргызстанда иш алып барган телеканалдар 1,5 айдын ичинде бул мекемелер менен келишим түзүп, контентин толуктоо керек. Контенттин сапатын жана мыйзам талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча пландуу текшерүү иштери 2026-жылдын март айында башталат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















