Эл өкүлү бозо же кымыз ичип унаа башкаргандарга ичимдик ичкендей чара көрүү туура эместигин айтты (видео)
Бүгүн, 15-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында айрым эл өкүлдөрү унааны кымыз же бозо ичип башкаргандарга ичимдик ичкендей чаралар көрүлүп жатканын туура эмес деп баалашты.
Жыйында депутат Дастан Бекешев бул маселени карап чыгуу керектигине токтолуп өттү.
"Азыр бозо же кымыз ичип унаа башкарса, ичимдик ичти болот да. Экспертизадан кадимки эле мас абалда болгондой чыгат. Муну кайра карап чыгалы. Бул чоң көйгөй", - деди Бекешев.
Ал эми Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов кээ бир учурда аталган суусундуктар ичимдиктерден жогорку градус көрсөтөрүн билдирди.
"Кымыз менен бозо ичимдиктерден да күчтүү болуп кеткен учурлар бар. Муну дагы карап, шашпай ойлонуу керек. Бул абдан чоң маселе. Кымыз менен бозо кээ бир учурда сырадан дагы жогорку градус көрсөтөт", - деген ал.
Мындай пикирин эл өкүлү Улукбек Карыбек уулу дагы билдирип, азыр технологиянын өнүккөн заманында маселени чечүү жолдору бар экенин жана медицинада кымыз ичимдик деп эсептелбей турганын кошумчалады.
Эл өкүлү бозо же кымыз ичип унаа башкаргандарга айып пул салуу туура эместигин айтты
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















