"Бишкек Аренанын" жүрүп жаткан курулушу көрсөтүлдү
Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков Facebook баракчасында Борбор калаадагы 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган "Бишкек Арена" стадионунун жүрүп жаткан курулушун чагылдырган видео жарыялады.
"Жанынан көрсөң толкундоо, кубаныч жана сыймык пайда болот. Курулуштун көлөмү абдан чоң, буюрса, 2026-жылы ишке бериле турган ири курулуштардын бири ушул. Азыркы көрүнүшү байыркы Римдеги Колизейге окшошуп калыптыр", - деп жазды ал.
Жаңы стадиондун ачылышы 2026-жылдын август айына пландалууда. Спорттук арена футбол жана башка ири иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкташып, борбор калаанын спорттук инфраструктурасын жаңы деңгээлге чыгармакчы.
"Бишкек Аренанын" жүрүп курулушу көрсөтүлдү
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















