super.kg logo
  Саясат  

ТИМ башчысы Катардагы элчинин кызматтан алынышы боюнча жооп берди (видео)

 

Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев мамлекеттик кызматкердин этикасын бузгандыгы үчүн ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында билдирди.

"Дипломат катары Марат Нуралиев жакшы иштеген, бирок ал мамлекттик кызматкердин этикасын бузган. Буга байланыштуу биз аны кызматтан бошотуу тууралуу сунуш киргизүүгө аргасыз болдук. Мындан ары дипломатиялык кадрларды дайындоодо этикалык нормаларды сактоого өзгөчө көңүл бурабыз", - деп билдирет министр.

Белгилей кетсек, Марат Нуралиев 2023-жылдын декабрь айынан тартып Кыргызстандын Катардагы элчилигин жетектеп келген. Ал эми өткөн жылдын декабрь айында президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, кызматынан бошотулган.






ТИМ башчысы Катардагы элчинин кызматтан алынышы боюнча жооп берди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: