super.kg logo
  Саясат  

Адылбек Касымалиев 2025-жылы чет өлкөгө 19 сапар жасаган

 

2025-жылы Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев чет өлкөгө жалпысынан 19 сапар жасаган. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Министрдин маалыматына ылайык, аталган сапарлардын үчөө расмий мүнөздө болсо, 16сы жумушчу сапар болгон. Бул визиттер Кыргызстандын тышкы саясатындагы жана экономикалык дипломатиядагы активдүүлүктү чагылдырды.

Жээнбек Кулубаев 2025-жыл регионалдык жана глобалдык күн тартибиндеги татаалдыктарга карабастан, экономикалык дипломатиянын жогорку темпин сактап калууга мүмкүнчүлүк болгонун белгиледи.

"Бул сапарлардын алкагында ондон ашык документке кол коюлуп, бир нече узак мөөнөттүү “жол карталары” иштелип чыкты", — деди министр.

Аталган чет өлкөлүк сапарлар Кыргызстандын эл аралык кызматташтыгын кеңейтүүгө, соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү арттырууга багытталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: