super.kg logo

Тейлөө кайсы тилде болушу керек? (сурамжылоо)

 

Super.kg медиа порталы кыргыз тилинин бүгүнкү күндөгү коомдогу ордун жана күнүмдүк жашоодо кайсы тилде көбүрөөк баарлашарын аныктоо максатында сурамжылоо жүргүздү. Ага Бишкек шаарынын тургундары катышты.

Сурамжылоонун алкагында эне тилине болгон талап үчүн жоопкерчиликке тартылышы керекпи деген да суроо коюлду.

Белгилей кетсек, блогер Актилек Орозбеков "Куликовдун" дүкөндөрүнүн бирине барып, кызматкерлерди кыргыз тилинде кызмат көрсөтүүсүн талап кылган. Анын талабы аткарылбай, кеңсенин кызматкерлери менен пикир келишпестик орун алган. Андан ары кызматкерлер блогерди сотко берип, ал 9 ай үй камагында болду.

Бул көрүнүш коомчулукта массалык нааразычылык жаратып, көпчүлүк кондитердик үйдүн кызматкерлери кыргыз тилин билүүсү керектигин айтып чыгышты.

Бүгүн, 15-январда "Куликов" кондитердик үйү менен блогер Актилек Орозбеков элдешкени маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: