Түркия Ирандын айланасындагы кырдаалдын туруксуздашына жол бербөөгө аракет кылып жатат
Анкара Ирандын айланасындагы кырдаалдын начарлашына жол бербөө үчүн дипломатиялык аракеттерди улантат. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.
"Ирандагы кырдаал боюнча дипломатиялык аракеттерибиз улана берет. Биздин артыкчылыктуу багытыбыз – туруксуздашууга жол бербөө", - деген министр.
Ал Анкара Иранга каршы чет элдик державалардын коркутууларын четке кагарын белгилеген.
Иранда 28-декабрдан бери массалык нааразычылык акциялары өтүп жатат. Башында оор экономикалык кырдаал жана улуттук валютанын кунунун төмөндөшү менен башталган бул акциялар көп өтпөй саясий өңүткө ээ болду.
Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп өкмөттүн ири масштабдагы башаламандыктарды басуу боюнча аракеттерине жооп катары Иранга каршы катаал чараларды көрөм деп коркуткан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















