Бишкекте дем алыш күндөрү азык-түлүк жарманкеси уюштурулат
Бишкек шаарында дем алыш күндөрү, тактап айтканда, 17-18-декабрда айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, өтүп жаткан жарманке ар ишемби жана жекшемби күндөрү Бишкек шаардык мэриясы менен министрлик тарабынан уюштурулууда.
Жарманкенин негизги максаты - баалардын өсүш темпин басаңдатуу, социалдык аярлуу катмарды жеткиликтүү азык-түлүк менен камсыздоо, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рыноктун туруктуулугун камсыз кылуу.
Жарманке өтө турган даректер:
- Усубалиев атындагы аянт;
- Раззаков жана Абдумомунов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймак;
- Эркиндик бульвары.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















