super.kg logo

Франция Гренландиядагы Даниянын аскердик машыгууларына кошулат

 

Франциянын аскер күчтөрү Гренландияда Дания тарабынан уюштурулган машыгууларга катышат.

"Даниянын өтүнүчү боюнча мен Франциянын Гренландияда Дания тарабынан уюштурулган биргелешкен машыгууларга, тагыраагы, "Арктикалык бекемдик" операциясына катышуусун чечтим", - деп жазды Франциянын президенти Эммануэль Макрон Х социалдык тармактагы баракчасына.

Ал аскерлердин алгачкы топтору машыгуу өтүүчү жерге бара жатканын белгиледи.

Мурда Швеция менен Норвегия өздөрүнүн куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү Гренландиядагы машыгууларга катышарын жарыялашкан. Өткөн шаршембиде Дания Гренландияга аскерлерин жайгаштыра баштаганы, андан кийин НАТОнун союздаш күчтөрү аралга кайра жайгаштырылары күтүлүп жатканы кабарланган.

АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон Гренландияны кандайдыр бир жол менен көзөмөлдөй турганын билдирген. Ак үйдүн башчысы аралды Кошмо Штаттардын курамына кошуш керек деген пикирин айтып келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: