Мамлекеттик салык кызматы зергерчилик бизнеси үчүн жаңы эрежелерди киргизди
Зергерчилик тармагындагы ишкердик субъекттери үчүн Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык бир катар салыктык жеңилдиктер берилди. Бул тууралуу 15-январда Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өзгөртүүлөр өткөн жылдын 31-декабрындагы "Салык салуу, социалдык камсыздандыруу жана салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамына ылайык киргизилген.
Мыйзамда зергерчилик өндүрүшү үчүн арналган жана өлкө аймагына алып келинген жабдуулар, кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулат.
Мындан тышкары бул документ мурда алып келинген же өндүрүлгөн баалуу металлдардан жасалган зергер буюмдарынын калдыктарын эки айдын ичинде легалдаштырууну карайт жана легалдаштыруу мезгилинде Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө мораторий белгиленет.
Ошондой эле баалуу металлдардан жасалган зер буюмдарын сыноо жана аларга тиешелүү сынамыкты тастыктаган өзүнүн эн белгиси менен эн тамга басуу функциялары ата мекендик зергер өндүрүүчүлөргө ыктыярдуу негизде өткөрүлүп берилет (мамлекеттик сыноо эн белгисинен тышкары).
Мыйзамдын негизинде "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине да өзгөртүүлөр киргизилди. Тактап айтканда, зер буюмдары менен иш жүргүзүүдө атайын каттоого турбастан ишмердүүлүк жүргүзгөндүгү үчүн жеке жактар үчүн 5 миң сом, юридикалык жактар үчүн 13 миң сом айып пул каралган.
Белгилей кетсек, бул чаралар зергерчилик тармагын колдоого багытталган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















