super.kg logo

Мигранттарга эскертүү: Орусиядан чыгарылышы мүмкүн болгон кыргызстандыктардын саны 34 миңге жакындады

 

Бүгүн, 15-январда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Орусиянын миграциялык көзөмөл реестринде Кыргызстандын 34 786 жараны катталганын билдирди. Ал былтыр ноябрда бул тизмеде 128 миңдей кыргызстандык болгонун эске салды.

Министр белгилегендей, көпчүлүк жоопкерчиликтүү жарандар өздөрүнүн статусун текшерип, мыйзамдаштырышкан. Мигранттарга бул процесс үчүн кошумча убакыт да берилген.

"Мамлекет жана Тышкы иштер министрлиги зарыл болгон бардык чараларды көрдү. Бирок бир катар жарандар дагы деле көзөмөл реестринде кала берүүдө. Эми алар депортацияланат. Биз алардын баарын тиешелүү органдарга жетелеп бара албайбыз. Бирок Орусия тарап миграция саясатын жумшартуусу ыктымал, анткени көптөгөн иш орундар бош калды", — деп кошумчалады Кулубаев.

Министр ошондой эле миграциядагы кыргызстандыктардын кайтып келиши өлкө үчүн да пайдалуу экенин, көптөгөн долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жумушчу күчү керектигин белгиледи.

Ошондой эле Кулубаев Орусиядагы 90/180 режими күчүндө экенин эске салып, кыргызстандык мигранттар да өздөрүнүн ал жакта жүрүүсүн ушул режимге ылайыкташтыруусу керектигин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: