super.kg logo
  Спорт  

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына көк бөрү жана көкпар да киргизилди

 

2026-жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары салттуу кыргыз ат оюндары – көк бөрү жана көкпарды камтыйт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев 15-январдагы маалымат жыйынында билдирди.

Молдажиевдин айтымында, быйыл эки оюнда тең беттеш өткөрүү чечими кабыл алынган жана учурда кыргызстандык командалар даярдык көрүүдө.

"VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында улуттук салттык оюндардын 43 түрү ойнолот. Ачылыш аземи 31-августта Бишкекте курулуп жаткан жаңы стадиондо өтөт, ал эми оюндар Чолпон-Атада 2-сентябрдан 6-сентябрга чейин пландалган. Быйылкы көчмөндөр оюндарына 100 мамлекеттен 3 миңден ашык катышуучу келиши күтүлүүдө", — деп кошумчалады Молдажиев.

Ошондой эле быйылкы оюндарды уюштурууга мамлекеттик бюджеттен 336 миллион сом бөлүү пландалып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: