super.kg logo

Англисче эркин сүйлөгөн 4 жаштагы баланын апасы: "Балам үчүн блогумду өнүктүрөйүн деп жатам"

 

Бактыгүл айымдын 4 жаштагы баласы Кудайберген менен англис тилинде сүйлөшүп тарткан видеолору Инстаграм баракчасында миллион көрүүлөрдү топтоп, суктантып жаткан кези. Ырчы Анжелика да тарыхчасына бөлүшүп, “Блогер келин-2026” долбооруна чакырып өттү. Эне менен баланын аракетине суктануу менен катар “кантип үйрөндү, үйрөттү?” деген да суроо көпчүлүктө жаралды. Бул жана башка суроолорго жооп алуу үчүн Бактыгүл айым менен байланышка чыктык.

Бактыгүл айым, саламатсызбы? Алгач өзүңүз тууралуу билгим келди, ким болуп иштейсиз, кайсы кесиптин ээсисиз?

– Саламатсыздарбы? Кесибим боюнча мугалиммин. Ысык-Көл облусунун Какакол шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-лицейде англис тилинен сабак берем. Бирок эки жылдан бери декреттик өргүүдөмүн. Жогорку билимди да ушул эле Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы университеттен алгам. 32 жаштамын, 2 баланын апасымын.

Балаңыздын англис тилин эркин сүйлөп жатканын көрүп баары тең суктанып жатышат. Канча жашынан англис тилине үйрөтө баштагансыз? Бат эле кызыгуусу артып кеттиби?

– Балама англис тилин үйрөтүүмө эжем түрткү болду го дейм. Ал “бала менен англисче сүйлөшө бер, бир күнү айтып калат экен” деди. Өзү да англис тилчи, кыздарына үйрөтүп алган эле. Ошентип уулум бир жаштан өтүп калганда эле күнүмдүк турмуштагы сөздөрдү англисче айтып баштадым. Ошол кезде тил үйрөнүүгө балдардын кабыл алуусу жакшы болот экен. Башында жооп берчү эмес, убакыт өткөндөн кийин мен айткан сөздөрдү англисче кайталап айта баштады. Ошондо аябай кубанып, көбүрөөк үйрөткөнгө өттүм. Учурда күнүмдүк сүйлөшүү деңгээлинде билет. Мындан кичүү кызым 2 жашта, жакшы сүйлөй элек, бирок англисче анча-мынча сөздөрдү айтып калды. Буюрса, балабызды жеке мектепке берип, билимдерине инвестиция салалы деп жолдошум менен кеңешип жатабыз.

Инстаграмдагы баракчаңыздын багытын да тил үйрөтүүгө багыттайын деген ойлор болдубу?

– Ооба, алгач мобилография боюнча баштапкы билимди алайын деп жатам. Курс сурагандар да көп. Буга чейин англис тилин онлайн үйрөтүүнүн планын түзүп баштагам, иш процессинде. Буюрса, бүткөндө баракчама чыгарып, жаш балдарды окутуп баштайбыз. Өзүм да кичине балдарга жакынмын, ошого да балдарга үйрөткүм келет.

Баракчамды тил үйрөнгүсү келгендерге пайдалуу кылып алып барсам деп күндө эле оюма бышырып жүрөм. Балдарым менен убактым тартышыраак болуп жатат. Бирок үйдө атам-апам (ред.: кайната, кайненеси), айрыкча жолдошум аябай колдойт. Кечинде Анжелика Кайратовадан долбооруна чакыруу келгенде да айтсам, “бар, барып кел, мен баарын берем” деп дароо макул болду. Күтүүсүз жерден болгонуна аябай кубандым. Ага чейин курбу кызым да Анжелика айымдын долбоорун айтып, тартылбайлыбы деген болчу. “Мен эмнени көрсөтөм, жөн эле коёюнчу” деп болбой койгом. Негизи уулум менен башында тарткан видеобуз миллион көрүү топтоп, ошол бойдон токтоп калгам. Бул жылга эл үчүн жана балам үчүн блогду жакшы алып барайын деген максат койгом. Аллахтын жардамы болуп Анжелика эже белгилеп калды. Анын аркасынан катталуучуларым көбөйүп, көрүүлөрдүн саны да өстү. Толкунданып, кубанып жүрөм.

Көл жакка туристтер арбын келет эмеспи, аларга тилмеч болгон учурлар болсо керек?

– Ооба, жыл сайын жай айларында, жогоруда айткан эжемдин Караколдо мейманканасы бар, ошол жакта иштейм. Балам ал жактагы туристтердин балдары менен ойнойт. Алар таң калып “кайдан үйрөндүңөр?” деп сурап калышат. Инстаграмдагы кээ бирлер да “силер чет өлкөдө жашап келдиңер беле, же ошол жакта жашайсыңарбы?” деп сурашат. Үйдөн чоң ата-апасы менен кыргыз тилинде эле сүйлөшөт, мен болсо англис тилин унутуп калбасын деп практикада көп сүйлөшүп турам.

Балама англис тилин эрте жаштан үйрөтсөм, үйрөнсөм деген адамдарга кандай кеңештерди бересиз?

– Күнүмдүк турмушта сүйлөп жаткан этиштерди үйрөтө берген жакшы: жүрү уктайбыз, эмне жегиң келип жатат, ойнойсуңбу, чурка, китеп оку деген сыяктуу. Ушинтип уланта берүү керек. Бала менен кошо өзүңүз да ушинтип үйрөнө берсеңиз болот.

Маегиңизге рахмат! Билимдүү балдарды тарбиялап коомго чоң салым кошо бериңиз, балдарыңыз сизди сыймыктанта берсин!

– Рахмат, айтканыңыз келсин!


кошулду





Англисче эркин сүйлөгөн 4 жаштагы баланын апасы: "Балам үчүн блогумду өнүктүрөйүн деп жатам"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: