Бишкекте коомдук тамактануу жайларынын биринде массалык уулануу катталды
Күн мурун Бишкек шаарында коомдук тамактануу жайларынын биринде массалык уулануу катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.Берилген маалыматка ылайык, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жалпы 17 жабырлануучу кайрылган, ал эми 4 жаш бала, 9 чоң киши ооруканага жаткырылды.
"Бардык бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда, аларга тиешелүү дарылоо жүргүзүлүүдө. Анализдер алынган, ал эми Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору эпидемиологиялык иликтөө иштерин жүргүзүүдө", - деп билдирет оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жабырлануучулар "Даамдуу" тез татым тамактануу жайында шаурма жешкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















