ТИМ АКШ койгон визалык чектөө боюнча билдирүү таратты
Тышкы иштер министрлиги АКШ 75 өлкөгө иммиграциялык визаларды берүүнү убактылуу токтотконун, анын катарында Кыргызстан да бар экенин тастыктады.
Мекеме тараткан маалыматка ылайык, бул чара иммиграциялык виза категорияларына гана тиешелүү жана АКШнын иммиграциялык эмес визаларына, анын ичинде туристтик, ишкердик, студенттик жана башка кыска мөөнөттүү визаларга таасир этпейт.
Белгиленген чектөөлөр 2026-жылдын 21-январынан күчүнө кирет жана АКШ тарабынан иммиграциялык визаларды берүү тартибин кайра карап чыгуу аяктаганга чейин күчүндө болот. Иммиграциялык визаларга арыз кабыл алуу жана маектер өткөрүү сакталат, бирок мындай арыздар боюнча акыркы чечимдер токтотуу мезгили бүткөндөн кийин гана кабыл алынат.
Мурда берилген визалар жана учурдагы иммиграциялык документтер өз күчүндө калат.
ТИМ Кыргыз жарандарына сапарларды пландаштырууда көрсөтүлгөн маалыматты эске алуу жана актуалдуу маалымат алуу үчүн АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий булактарынан актуалдуу маалымат алуу зарылдыгын эскертти.
Эскерте кетсек, АКШ 75 өлкөгө виза берүүнү убактылуу токтотту, анын катарын Кыргызстан да толуктайт. Талаптар жана күрөөлөр боюнча да айтылды. Ал арада тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын 15 миң доллардык визалык кепилдик төлөмүн киргизүүсү боюнча сүйлөшүүлөр башталганын белгиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















