Макрон канга толгон көзү менен аскер кызматкерлеринин алдына чыкты

Франциянын президенти Эммануэль Макрон бейшемби күнү куралдуу күчтөрдүн өкүлдөрүнүн алдында сүйлөп жатып, көзү канга толгон абалда көрүнүп, француз коомчулугунда түшүнбөстүк жаратты. Бул тууралуу маалымат чет элдик басылмаларда жарыяланууда.
Өзүнүн сырткы көрүнүшүн түшүндүрүүгө аракет кылган Макрон муну тамаша иретинде "толугу менен зыянсыз" деп атап, "жолборстун көзүнө" жасалган шилтеме катары кабыл алууну сунуштаган.
Le Parisien басылмасынын маалыматына ылайык, Елисей сарайы коомчулукту тынчтандырууга шашылып, көздүн кызаруусуна көздөгү майда кан тамырдын жарылышы себеп болгонун билдирген. Президенттик администрациянын өкүлдөрү бул "жөн гана көздөгү кичинекей кан тамыр жарылып, кан кеткен учур" экенин жана эч кандай кооптуу эмес экенин белгилешкен.
Ошол эле учурда социалдык тармактарда Макрондун мындай көрүнүшүнө байланыштуу ар кандай божомолдор айтыла баштады. Кеңири тараган версиялардын бири жубайы Брижит Макрон тарабынан жасалган үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу божомол.
Өткөн жылдын жаз айларында массалык маалымат каражаттарында президенттик учактын эшиги ачылып жаткан учурда Брижит Макрон күйөөсүн жаакка чапкандай көрүнгөн видео тараган. Алгач Елисей сарайы бул видеону жасалма деп атаган. Бирок тасма бир нече маалымат каражаттарында жарыялангандан кийин, президенттин кеңсеси анын чыныгы экенин моюнга алып, бул президент үчүн "оор учур" болгонун билдирген.
Кийинчерээк Эммануэль Макрон бул окуяны актоого аракет кылып, алар жубайы менен "жөн гана тамашалашып жатышканын" айткан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















