super.kg logo

Мачадо өткөн жылы алган "Нобель" тынчтык сыйлыгын Трампка өткөрдү

 

Кечээ, 15-январда АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэланын оппозиция лидери Мария Корина Мачадо менен жолугушуп, өлкөнүн келечегин талкуулады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Ак үйдө өткөн жолугушуудан кийин, өткөн жылы "Нобель" тынчтык сыйлыгынын лауреаты болгон Мачадо Трампка сыйлыкты тапшырганын айтты. Кыска билдирүүсүндө ал жолугушуу жакшы өткөнүн жана анын тарапташтары Трампка ишене аларын кошумчалады.

Бул арада Трамп сыйлыктын ага берилишин жогору баалады.

Айта кетсек, 10-октябрда Нобелдин тынчтык сыйлыгынын эсси аныкталып, ал Венесуэланын мурдагы депутаты Мария Корина Мачадого ыйгарылган. Ал демократия үчүн күрөшүп жаткан Венесуэла оппозициясынын көрүнүктүү өкүлү катары таанылган.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп өзүн бул сыйлыкка татыктуу деп эсептеп, саясий жана дипломатиялык аракеттери үчүн Нобелге көрсөтүлүшү керек деген пикирлерди билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: