Өлкөдө китеп окуу маданиятын өнүктүрүү боюнча программа талкууланды
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде китеп окуу маданиятын жана интеллектуалдык мурастарды өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик программаны иштеп чыгуу боюнча жыйын өттү.Иш-чара министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилиги алдында болуп, ага тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Жыйында өлкөнүн интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу, улуттук өзүн-өзү таанууну бекемдөө жана жаш муунду руханий жактан тарбиялоо максатында китеп чыгарууну колдоо, окурмандык маданиятты өнүктүрүүгө, улуттук жана дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн кеңири жайылтуу маселелери талкууланды. Айрыкча кыргыз классикалык адабиятына, дүйнөлүк классикага жана балдар адабиятына басым жасалды.
"Ошондой эле чыгармачыл жаштарды жана таланттуу калемгерлерди колдоо механизмдерин иштеп чыгуунун зарылдыгы белгиленип, бул демилгелер Кыргызстандын келечегине багытталган стратегиялык маанидеги кадам экени айтылды",- деп билдирди Маданият министрлигинен.
Жыйындын жыйынтыгында программаны иштеп чыгуу үчүн атайын жумушчу топ түзүү тапшырмасы берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















