Алты жаран №13 округундагы кайра шайлоого катышуу ниетин билдирди (тизме)
БШКдан билдиргендей, бүгүнкү күнгө карата алты жаран №13 округдагы кайра шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Алардын тизмеси:
Арстанбеков Акылбек Советбекович - "Кыргызстан" топтолмо пенсиялык фонду, кеңештин төрагасы

Маматаев Эркинбек Садирбекович - убактылуу иштебейт
Асанов Уланбек Жалалович - "Эмитент виртуальных активов" ААКсынын директорлор кеңешинин төрагасы

Асамудинов Бактыбек Асанович - Кыргыз Республикасынын адвокатурасы

Калматов Токторали Калдарович - жеке ишкер

Чолпонов Уланычбек Калдарбекович - Базар-Коргон РЭСнин жетекчиси

Эске салсак, БШК Жалал-Абад облусунун №13 округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мекеме аталган округда шайлоо бир ай ичинде кайра дайындаларын, мурдагы 14 талапкер кайра катыша албастыгын билдирген. Шайлоо талапкерлердин документтери 29-январга чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 1-мартында өтөт.
№13 шайлоо округу Масы айылы. Шайлоочулардын саны 159 миң 906. Шайлоо округуна Базар-Коргон шаарындагы №2423, 2428, 2140, 2141 шайлоо тилкелери, Кеңеш, Арстанбап-Ата, Сайдыкум айыл аймактары кирди.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















