super.kg logo
  Саясат  

Элчи Молдогазиев АКШнын өкүлү менен визалык чектөө маселелесин сүйлөштү

 

14-январда Кыргызстандын АКШдагы элчиси Айбек Молдогазиев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Борбордук жана Түштүк Азия боюнча жардамчысынын орун басары Жон Поммершайм менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу Тышкы иштер миистрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-америкалык кызматташтыктын учурдагы маселелерин, анын ичинде саясий диалогду чыңдоо, биргелешкен иш-чараларды уюштуруу, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Өзгөчө 2026-жылдын 4-5-февралында Бишкек шаарында пландалып жаткан "B5+1" бизнес-форумун талкуулашты.

Жолугушуунун алкагында тараптар АКШ тарабынан B-1/B-2 категориясындагы визаларды тариздөөдө киргизилген кошумча талаптарды, ошондой эле Кыргызстандын жарандары үчүн иммиграциялык визаларды берүүнүн убактылуу токтотулушуна байланышкан маселелерди сүйлөшүштү.

Элчи бул талаптар эки өлкөнүн жарандарынын өз ара каттамдарына терс таасирин тийгизип, анын ичинде бизнес жана туризм чөйрөсүндөгү байланыштардын кыскарышына алып келерин, бул өз кезегинде өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын мындан аркы өнүгүшүнө тоскоолдук жаратарын белгилеп, аталган маселе боюнча өз ара алгылыктуу чечимдерди талкуулоону сунуштады.

Ошол эле учурда Поммершайм бул чаралар АКШнын мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүүгө багытталган учурдагы саясатынын алкагында кабыл алынганын билдирип, ошол эле учурда америкалык тарап мындан аркы талкууларга жана өз ара аракеттенүүгө даяр экенин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: