Мугалим окуучуну уруп, сабак үйрөткөн окуя боюнча министрлик түшүндүрмө берди
Агартуу министрлиги Бишкектин №87 мектебинде кыргыз тили сабагы учурундагы мугалимдин жүрүм-турумуна байланыштуу окуя боюнча билдирүү таратты.
Ага ылайык, министрлик Ички иштер министрлиги менен биргеликте окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча иштерди баштады.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан атайын комиссия түзүлүп, учурда №87 мектепте орун алган кырдаалды териштирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул окуя агартуу министринин жеке көзөмөлүндө.
"Агартуу министрлиги тарабынан алдын алуу чаралары күчөтүлүп, республика боюнча бардык педагогдор менен кошумча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Окуялардын алдын алуу жана коопсуз билим берүү чөйрөсүн калыптандырууга багытталган тренингдерди өткөрүү үчүн билим берүү уюмдарына психологдор жөнөтүлөт",- дешти мекемеден.
Бүгүн, 16-январда социалдык тармактарда окуучуну уруп, сабак үйрөтүп жаткан мугалимдин видеосу тараган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















