super.kg logo

Гренландиядагы Европа аскер миссиясы: Трамптын пландары өзгөрбөйт

 

Европанын жети өлкөсү аймактагы коопсуздукту чыңдоого багытталган чалгындоо миссиясынын алкагында өз аскер кызматкерлерин Гренландияга жөнөттү.

Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, эң көп аскер Франция тарабынан жиберилди - 15 адис. Германия Гренландияга 13 аскер жөнөттү. Швеция үч офицерин, Финляндия менен Норвегия экиден, ал эми Улуу Британия жана Нидерланддар бирден аскер жөнөткөн.

Алгачкы аскерлер 14-январда Даниянын аба күчтөрүнө таандык учак менен Нуук шаарына келишкен. Эртеси күнү Германия да өз аскерлерин жөнөткөн. Буга чейин Германия бул миссия 15-17-январь аралыгында, үч күнгө созуларын билдиргенин BBC жазды. Калган өлкөлөрдүн аскерлери Гренландияда канча убакыт болору азырынча белгисиз.

Европа өлкөлөрү Гренландияны камтыган Данияга 2026-жылдын аягында өтө турган ири аскердик машыгууларга даярданууга көмөк көрсөтүү максатында аскер жөнөтүшкөн.

Ал эми Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитт 15-январда европалык аскерлердин Гренландияга жөнөтүлүшү АКШнын президенти Дональд Трамптын бул аймакты Америкага кошуу ниетине таасир этпей турганын билдирди.

Европа өлкөлөрү Гренландияга аскер жөнөтүү чечимин АКШ өкүлдөрү менен Дания жана Гренландия өкүлдөрүнүн ортосунда 14-январда Вашингтондо өткөн сүйлөшүүлөрдүн фонунда жарыялашты. Сүйлөшүүлөрдөн кийин Ак үй жолугушууну жемиштүү деп баалаган. Ал эми Даниянын бийлиги Трампты Гренландияны алуу пландарынан баш тарттырууга ынандыра албаганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: