super.kg logo

АКШнын НАТОдогу өкүлү: "Украина менен Орусия тынчтык келишимине мурдагыдан да жакын"

 

Учурда Украина менен Орусия тынчтык келишимине жетүүгө мурдагыга караганда бир топ жакындады. Мындай билдирүүнү АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Мэттью Уитакер жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылат.

"Азыр биз тынчтыкка мурдагыдан да жакынбыз. Калганы - келишимди толук бүтүрүү гана",- деди Уитакер Калифорния штатында Рональд Рейган атындагы президенттик фонд уюштурган иш-чарада сүйлөп жатып.

АКШнын өкүлү согушту жөнгө салууга акыркы чекит койчу чечимдер эң татаал болушу мүмкүн экенин белгиледи. Ошого карабастан, учурда реалдуу сунуш бар жана тынчтык сүйлөшүүлөрү чечүүчү баскычка жетти.

"Америкалык футболдо “кызыл зонадагы” акыркы ярд - эң оор аралык. Бул принципти бул жерге да колдонсо болот. Акыркы кадам жеңил болбойт, бирок менде жакшы үмүт бар",- деди Уитакер.

Өткөн жумада Украинанын президенти Владимир Зеленский согуш 2026-жылдын биринчи жарымында эле аякташы мүмкүн экенин билдирген. Анын айтымында, сүйлөшүүлөр жаңы баскычка чыккан.

Ошол эле учурда, 14-январда АКШнын президенти Дональд Трамп Reuters агенттигине берген маегинде тынчтык келишимин түзүүгө Орусия президенти Владимир Путин эмес, тескерисинче, Владимир Зеленский тоскоол болуп жатат деген пикирин айткан.

Америкалык президенттин айтымында, Путин келишим түзүүгө даяр, ал эми Украина "анча даяр эмес".

АКШнын ортомчулугу менен согушту сүйлөшүү жолу аркылуу жөнгө салуу эмне үчүн азыркыга чейин мүмкүн болбой жатканын сурашканда, Трамп: "Зеленский" деп жооп берген. Бирок ал эмне себептен Зеленскийди тынчтык келишиминин кечеңдешине жооптуу деп эсептээрин түшүндүргөн эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: