super.kg logo

Бишкекте жарандардын мүлктөрүн мыйзамсыз тартып алган күрөөкана ээси кармалды (сүрөт)

 

Бишкек шаарында ири сүткор жана күрөөкана тармагынын ээси кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, С.М. аттуу жаран жеке кызыкчылыгын көздөп, каржылык кыйынчылыктарга туш болгондордун эсебинен киреше табуу максатында күрөөкана иштетип келген. Ал өтө жогорку пайыздык чендер менен акча берип, жабырлануучуларды көз каранды абалга алып келген. Андан кийин кардарлардын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн, анын ичинде турак жайларын, жер тилкелерин жана коммерциялык мүлктөрүн мыйзамсыз, коркутуу жолу менен тартып алган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында ишенимдүү адамдарынын чөйрөсү аныкталып, алардын аттарына кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн олуттуу саны катталгандыгы белгилүү болду.

Ал эми шектүүгө карата кылмыш иши козголуп, сот тарабынан УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чарасы тандалды. Учурда тергөө иштери уланууда.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: