Бишкекте эт азыктарынын бааларына мониторинг жүргүзүлүүдө
Бишкек шаарында азык-түлүк товарларына, анын ичинде уй жана кой этине болгон бааларга туруктуу мониторинг жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу 16-январда мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Текшерүү иш-чаралары "Ош базары", "Орто-Сай", "Аламүдүн", "Дордой", "Азиз" базарларында, ошондой эле "Глобус", "Азия" соода түйүндөрүндө жана башка соода объекттеринде өткөрүлүүдө.
Көзөмөлдөөнүн жүрүшүндө ишкерлерге жана сатуучуларга эт азыктарынын баасын негизсиз көтөрүүгө жол берилбестиги, ошондой эле белгиленген бааларды так сактоо талаптары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өзгөчө уй жана кой этинин баасы бир килограммы үчүн 680 сомдон жогору болбошу керектигине көңүл бурулууда.
Учурда эт азыктарынын дүң баалары төмөнкүдөй:
• кой эти - 640–680 сом,
• уй эти - 640–680 сом,
• жылкы эти - 540–560 сом. Чекене баалар 660 сомдон башталат.
Айта кетсек, 14-январдан тартып "Ош базарында" эт продукциясын дүңүнөн сатуу токтотулган. Ушуга байланыштуу "Алтын-Така" мал базарынын аймагында санитардык жана ветеринардык талаптарга толук жооп берген Чүйгүн аттуу жаңы эт павильону ишке киргизилди. Учурда этти дүңүнөн сатуу ушул павильондо жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, бул аймакта жайгашкан Таза адал эт чекене павильонунда жарандар сапаттуу жана коопсуз эт азыктарын чекене баада сатып ала алышат.
Эт азыктарынын бааларына көзөмөл жүргүзүү жана рейддик иш-чаралар мындан ары да туруктуу негизде улантылат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















