Борбордогу мейманканага кара түтүн үчүн айып салынды
Бишкекте жайгашкан "Авангард 2" мейманканасынын ээсине кара түтүн үчүн 28 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги 16-январда билдирди.14-январда фейсбукта Огонбаев - Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан объекттен кара түтүн чыгып жатканы боюнча маалымат жарыяланган.
Аталган билдирүү боюнча Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тиешелүү текшерүү иштерин жүргүзүшкөн. Анын алкагында түтүн "Авангард 2" мейманканасына тиешелүү экендиги аныкталды.
Буга байланыштуу жеке ишкерге Укук бузуу жөнүндө кодекстин 230-беренесине ылайык 28 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Мындан сырткары, ишкерге жаратылышты коргоо мыйзамдарынын нормалары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















