Тейлөө үчүн кошумча акы алган кафе, ресторандарга айып пул салынат (видео)
Өлкөдө тейлөө үчүн кошумча акы алган кафе, ресторандарга айып пул салынат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасынын орун басары Муратбек Иманкулов "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.
Анын айтымында, бардык аймактардагы кафе, ресторандар көзөмөлгө алынып, маниторинг жүргүзүлүп турат.
"Кафе, ресторандарда тейлөө үчүн кошумча акы алынбасын деген токтом киргизилди. Биз муну дайыма көзөмөлгө алып турабыз. Өлкөнүн жети облусунда биздин өкүлдөр бар, алар кошумча акы алынган же алынбаганына маниторинг жүргүзүп турушат. Эгерде мыйзам бузуулар каттала турган болсо, биринчи түшүндүрүү жүргүзүп, эскертүү беребиз. Ал эми экинчи жолу катталса жазма буйрук беребиз. Ошондон кийин аларга соода эрежелерин бузганы үчүн жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул салынат",- деген ал.
Тамак-Аш баасын кескин кымбаттаткандарга айып пул салынат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















