"Эл нааразы болууда". Ошто "Евразия" кафесинин курулушу бузулат
Бүгүн, 16-январда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев таңкы рейдде Манас-Ата аймактык башкармалыгы аркылуу өткөн Жекелик каналынын суу корук аймагын кыдырып чыкты.Ал жерде мэр Навои көчөсүндө жайгашкан көп жылдан бери иштетилбей турган "Евразия" кафесинин суу жээгине курулуп калган объекттерин жеринен көрүп, тез арада алып салууну тапшырды.
"Кафе эмне үчүн корук аймактан бошотулбайт деп эл нааразы болууда. Баары ачылып, тазалансын. Мыйзам баары үчүн бирдей",- деди мэр.
Ошондой эле Жекелик каналынын суу корук аймагына өз билемдик менен салынган курулуштарды алып, аймакты бошотуу боюнча тапшырма берди.
Мындан тышкары, рейддин жүрүшүндө шаар башчысы Жекелик каналынын суу корук аймагына курулуш жүргүзүп алган объекттердин аймагын карап чыгууну тапшырды.
Ошто «Евразия» кафесинин курулушу бузулат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















