"Расмий билдирүүлөргө гана таянуу керек". Соловьёвдун сөзүнө Орусиянын ТИМи үн катты (видео)
Орусиянын Тышкы иштер министринин расмий өкүлү Мария Захарова Москва бийлигинин КМШ өлкөлөрүнө карата мамилесин расмий билдирүүлөргө таянуу менен гана баалоону сунуштады. Жана да фейктерге алданбоону эскертти. Анын билдирүүсүн ТАСС басылмасы жазып чыкты.
"Расмий позиция компетенттүү расмий адамдар тарабынан айтылат",- деди дипломат брифингде. Ал бул билдирүүсүн журналист Владимир Соловьёвдун берүүлөрдүн биринде айткан сөздөрүнө карата айтылып жаткан көз караштарга жооп катары жасады.
Захарова Москванын расмий позициясын эске салды.
"Биздин өлкөнү Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия мамлекеттеринин элдери менен тарыхый жакындык, стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык, бир туугандык, достук жана кызматташтык байланыштырат. Биздин мамилелердин алдыга жылышы үчүн достук мамилелерге, өз ара урматтоо жана ишенимге негизделген мамлекет жетекчилеринин жеке байланышы негиз болуп саналат",- деди Захарова.
Ал ошондой эле бул мамилелер сансыз жолу ар кандай саммиттерде, жолугушууларда, сүйлөшүүлөрдө, консультацияларда, пресс-конференцияларда, интервьюларда айтылганын белгиледи. Жалпы аймактык коопсуздук маселеси Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдө да талкуулана тургандыгын кошумчалады.
Закарованын пикиринде кандай жагдай болсо да ишке карап баалоо маанилүү.
"Канча жолу жардамга келдик? Канча жолу кол сундук, достукту көрсөттүк? Канча жолу чынчыл эмоцияларды көрсөттүк, кайгырып, ыраазычылык билдирдик? Канча жолу чыныгы кубанычты бөлүштүк, жалпы жеңиштерди белгиледик? Канча жолу бирге кыйын кырдаалдан чыгуу жолдорун таптык? Канча жолу түшүнбөстүктөн өттүк? Канча жолу провокацияларга жооп бердик? Ошол иштерге гана таянуу керек жана эч качан провокацияга көңүл бурууга болбойт. Ошондуктан чыныгы абалды көрөлү жана ар кандай жасалма нерселерге алданбайлы",- деп кошумчалады Захарова.
Захарова журналисттин ой жүгүртүүсү жеке каналда, балким, риторикалык суроо катары айтылганын белгиледи.
"Мен цитаталарды окудум. Бул сөздөр ачык эле провокациялык формада "диван аналитиктери" тарабынан Орусиянын расмий позициясы катары берилген. Мындай манипуляциялар менен алектенүү - өтө туура эмес. Мындан тышкары, кээ бир комментаторлор бул мүмкүнчүлүктү колдонуп, маалымат аймагында айтылбаган, жөн гана болжолдонгон же ачык спекуляцияларды жайгаштырышты. Алар Орусиянын постсоветтик мамлекеттерге карата агрессивдүү ниеттери бардай көрсөтүштү",- деп нааразычылыгын билдирди дипломат.
Эске салсак, орусиялык журналист Владимир Соловьёв түз эфирлердин биринде Борбордук Азияны "биздин аймак" деп атап, Орусия "атайын операцияны" Украинадан башка деле жерлерде жүргүзсө болорун айткан. Армения бул билдирүүгө катуу реакция жасап, Еревандагы орус элчисин чакырып, нааразычылык нотасын карматты. Ал эми президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов журналисттин аракетине ошол телеканалдын жетекчилиги баа берет деген ишенимин айтып, "сандырак сөздөр" деген оюн билдирген.
Соловьевдин сөзүнөн кийин Орусиянын ТИМи расмий жооп берди
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















