АКШ жарым өткөргүчтөрдүн импортуна 25 пайыз бажы төлөмүн киргизди
АКШнын президенти Дональд Трамп 14-январда жарым өткөргүчтөрдүн айрым түрлөрүн импорттоого 25 пайыздык бажы төлөмүн дароо киргизүү тууралуу прокламацияга кол койду. Бул тууралуу Ак үйдүн басма сөз кызматы билдирген.
Документке ылайык, бажы төлөмү айрым өнүккөн Nvidia H200, AMD MI325 чиптерине жана ага окшош продукцияларга тиешелүү. Ошол эле учурда, АКШда өндүрүштү кеңейтүү, маалыматтарды иштетүү борборлорунда колдонуу, стартаптар жана илимий-изилдөө иштерине багытталган импорт бажы төлөмүнөн бошотулат.
Трамп АКШ учурда керектелген жарым өткөргүчтөрдүн болгону 10 пайызын гана өндүрөрүн белгилеп, бул жагдай улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат деп баалады. Ошондой эле чет элдик компанияларды АКШда микросхема өндүрүшүнө инвестиция салууга кызыктыруу чаралары көрүлөрүн кошумчалаган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















