Бишкектеги башкы балаты аянттан алынууда
Бишкектин Ала-Тоо аянтында өлкөнүн башкы балатысын жана борбор калаада орнотулган бардык майрамдык жасалгаларды демонтаждоо иштери башталды. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, демонтаждоо иштери бир нече күнгө созулуп, аны "Тазалык" жана "Бишкекжарык" ишканалары жүргүзөт.
"Балатынын каркасы жана бутактары этияттык менен ажыратылып сакталат. Ал эми кооздоочу элементтер, жарык берүүчү жабдыктар жана декоративдик конструкциялар таңгакталып, "Бишкекжарык" ишканасынын кампасына жеткирилет",- деп билдирди мэрия.
Белгилей кетсек, башкы жаңы жылдык балаты аянтка декабрь айында орнотулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















