super.kg logo

Чүйдө адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

 
Чүй облустук милициясы 16-январда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилгенин билдирди.
Такталгандай, 15-январда саат 14:43тө милицияга Таш-Дөбө айылындагы жашаган жеринен 52 жаштагы Ш.А.нын денеси табылганы тууралуу билдирүү түшкөн.
14-январда маркум өзүнүн үйүндө 1971-жылы туулган П.С., 1993-жылы туулган Т.У. жана З. аттуу жарандар менен бирге спирт ичимдиктерин ичкени аныкталган. Ортодо чыккан чыр-чатактан маркум жана П.С. аттуу жарандар Т.У. жана З. тарабынан ар кандай жаракаттарды алышкан.
Маркумдун сөөгү дене жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн өлүкканага жөнөтүлүп, ал эми П.С. ар кандай жаракаттар менен Бишкек шаарынын №4 шаардык клиникалык ооруканасына жаткырылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1993-жылы туулган Т.У. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: