Султанбеков, Атамбаев жана Атазов 17-мартка чейин камакта калтырылды
Сот массалык баш аламандыктарды уюштурууга шектелип жаткан Темирлан Султанбеков, Кадырбек Атамбаев, Шайлообек Атазовдун жана башка шектүүлөрдү камакта кармоо мөөнөтүн 17-мартка чейин узартты. Бул тууралуу юрист Нурбек Токтакунов социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.
Юрист эки шектүү Акжолов менен Кубанычбековдон Шайлообек Атазовго каршы көрсөтмө берүүнү талап кылышып, кыйноо жана психологиялык басым колдонулганын айтат. Азыркы учурда Атазовдун иштин башка фигуранттары менен байланышы так аныктала элек.
Эске салсак, 2025-жылдын ноябрында укук коргоо органдары массалык баш аламандыкка даярдык көрүүгө шектүү он адамды кармашкан. Кармалгандардын арасында Социал-демократтар партиясынын мүчөлөрү жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары бар эле.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, шектүүлөр мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоодон кийин өлкө боюнча митингдерди уюштурууну пландаштырган деп шектелүүдө.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















