super.kg logo

Бир нече мамлекеттик гезит, журналдар жабылып, "Кыргыз туусу" басма үйү түзүлдү 

 
Мамлекеттик бир нече гезит, журналдар бириктирилип, "Кыргыз туусу" басма үйү түзүлдү. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев билдирди.
Маалыматка ылайык, президенттин жарлыгы менен "Кыргыз туусу" гезити, "Слово Кыргызстана" гезити, жаңы түзүлгөн "Ала Тоо" адабий журналы, "Байчечекей" балдар журналы биригип, "Кыргыз туусу" басма үйү түзүлдү. Мындан тышкары, "Кырчын" жана "Жеткинчек" журналдары жоюлду.
"Эми алардын кызматкерлеринин эмгек акысы толугу менен мамлекет тарабынан төлөнөт жана атайын эсебине түшкөн каражаттан калем акылар кошумча төлөнүп турат. Эгер мурда ар бир басылманын өзүнчө директору, бухгалтериясы, системалык администратору, менеджерлери жана жарнама менеджерлери болсо, эми бул функциялар бириктирилет. Мындан ары бир гана басма үйү, бирдиктүү жетекчилик жана жалпы административдик-башкаруу аппараты болот",- деп билдирген Тагаев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: