ТИМ кыргызстандыктарды Иранга барбай турууга чакырды
Тышкы иштер министрлиги Иранга барууну пландап жаткан Кыргыз жарандарына кырдаал толук турукташканга чейин аталган өлкөгө барбай турууну сунуштады.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда эл аралык авиакомпаниялардын көпчүлүгү Иранга, Ирандан аткарылуучу каттамдарды кыскартышкан же убактылуу токтотушкан. Ошондой эле учуу графигинде тез-тез өзгөрүүлөр болууда.
Министрлик эгер аба транспорту менен чыгып кетүү мүмкүн болбой калса, коңшу мамлекеттердин аймактары аркылуу кургактык жолу менен чыгуу мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертти.
- Кыргыз жарандары үчүн Армениянын жана Түркиянын аймагына кирүү визасыз негизде жүзөгө ашырылат.
- Ал эми Түркмөнстандын аймагына кирүү жана транзиттик виза алуу боюнча жардам алуу үчүн алдын ала Кыргыздын Түркмөнстандагы элчилигине кайрылуу зарыл.
- 16-январга карата Ирандын Ооганстан жана Ирак менен болгон мамлекеттик чек араларындагы өткөрмө пункттар ачык. Аталган өлкөлөргө кирүү чечими кабыл алынган учурда тиешелүү чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө алдын ала виза алуу үчүн арыз берүү зарыл.
- Ирандын Пакистан жана Азербайжан менен болгон кургактык чек аралары учурда өтүүгө жабык.
Ирандан чыгып кетүүдө жардамга муктаж болгон кыргыз жарандары Кыргызстандын Ирандагы элчилигине же Кыргызстандын ТИМинин Консулдук департаментине кайрылса болот.
Байланыш номерлер:
Кыргызстандын ТИМинин Консулдук департаменти (24 саат):+996 999 312 002, dks@mfa.gov.kg
Кыргызстандын Ирандагы элчилиги:+98 21 2283 0354; +98 935 250 5229, kgembassy.ir@mfa.gov.kg
Кыргызстандын Армениядагы ардактуу консулу:+374 91 919191
Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги:+90 312 491 35 06; +90 545 689 68 00
Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчилиги:+993 12 48 22 95; +993 12 48 22 96; +993 65 69 40 59
Кыргызстандын Ооганстандагы элчилиги:+93 77 909 9326; +93 77 909 9326; +93 77 654 4504 (WhatsApp)
Кыргызстандын Азербайжандагы элчилиги:+994 993 312 312; +994 12 505 56 74; +994 55 75
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















