super.kg logo

Бишкекте күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди сатып жүргөн аял кармалды

 

Бишкекте күчтүү таасир этүүчү дары-дармектерди мыйзамсыз сатып жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Октябрь райондук милициясына Н. аттуу жаран дарыларды сатып жүргөндүгү боюнча маалымат түшкөн. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282 (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Натыйжада Арстанбек көчөсүндө 24 жаштагы жаран жогоруда аты аталган аялдан дары-дармек алганын айтып, милицияга үч таблетка ыктыярдуу түрдө өткөрүп берген.

Ыкчам иш аракеттердин натыйжасында Баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан 1971-жылы туулган Н.С. аттуу жаран кармалды. Анын жашаган жеринде тинтүү жүргүзүлүп, 132 даана эки түрдүү дары табылды.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: