Бишкекте блогердин унаасынан 2 миң доллар уурдаган каракчы кармалды (видео)
Бишкек шаарында уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, райондук милицияга Д.С аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 10-январда шаардагы сейил бактардын биринин унаа токтотуучу жайында токтоп турган унаасынын терезесин талкалап, белгисиз адам өздүк документтер салынган сумкасын жана 2 миң доллар акчасын уурдап кеткен.
Бул фактынын негизинде кылмыш иши козголуп, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 33 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалган.
Учурда шектүүнүн башка иштерге катыштыгы бар же жогу иликтенип жатат.
Бишкекте токтоуп турган унаанын ичинен акча уурдаган шектүү кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















