11-февралдан тартып алкоголь жана тамеки ташуулар навигациялык пломбалар менен көзөмөлдөнөт
11-февралдан тартып, алкоголь жана тамеки продукциясын экспорттоо жана импорттоодо навигациялык пломбаларды милдеттүү түрдө колдонуу башталат. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Мамлекеттик салык кызматы эскертти.Маалым болгондой, Мамлекеттик салык кызматында алкоголь жана тамеки продукциясын экспорттоо жана импорттоодо навигациялык пломбаларды колдонуу менен жүк ташууларды көзөмөлдөө системин киргизүүгө тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларын даярдоо боюнча жыйын өттү.
Салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков белгилегендей, бул жолугушуу ЕАЭБдин алкагында товарларды экспорттоо жана импорттоодо навигациялык пломбаларды колдонуу тартиби жана эрежелери боюнча бизнеске түшүндүрмө берүү максатында уюштурулду.
Ал автотранспорт каражаттарын навигациялык пломбалоонун негизги максаты - декларацияланган товарлардын сакталышын жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу экенин белгиледи. Бул мамлекеттик чек арадан өтүүнү тездетүүгө жана бизнеске болгон жүктү азайтууга мүмкүндүк берет.
Эске салсак, ЕАЭБдин навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашуусуна жана Евразия экономикалык комиссиясынын чечимине ылайык, 11-февралдан тартып союзга мүчө мамлекеттеринин аймагында товар ташууларды навигациялык пломбалардын жардамы менен туруктуу көзөмөлдөө киргизилет. Көзөмөл автомобиль жана темир жол транспорту аркылуу ташылуучу алкоголь продукциясына, тамекиге жана тамеки буюмдарына карата колдонулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















