super.kg logo

Сот журналист Баян Жумагулованын чет өлкөдөн дарыланып келүү сунушун четке какты

 

Ардагер журналист Баян Жумагулованын Германияга барып дарыланып келүүгө уруксат берүү өтүнүчүн Бишкектин Свердлов райондук соту четке какты. Бул тууралуу журналист "Азаттыкка" билдирген.

Берилген маалыматта, журналист "мен 2-топтогу майыпмын, бир нече жыл мурун бөйрөгүмдү алмаштыргам. Көп жылдар Германияда жашап, ал жактан дарыланып келгем. 2026-жылдын февралында кезектеги пландуу операцияга барышым керек болчу. Ошондуктан сотко мага Германияга барууга уруксат берүүсүн өтүнүп кайрылгам. Бирок менде Германиядагы клиникадан, бул жактагы дарыгерлерден алынган документтер турса дагы судья Алмаз Жумагулов өтүнүчүмдү четке какты",- деп билдирген.

Журналисттин маалыматы боюнча Свердлов райондук соту "Азаттыкка" кыскача комментарий берип, тагылган айып анча оор эмес кылмыш болуп эсептелерин, судья чечим кабыл алганда айыпталуучунун ошол макамын эске алганын белгиледи.

Баян Жумагуловага Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Сот чечими менен эч жакка кетпөө тилкатынын негизинде жашаган жеринен чыкпоого милдеттендирилген.

Журналист 67 жашта, 2-топтогу майыптыгы бар. "Азаттыкта" иштеп, пенсияга чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: