super.kg logo

Түштүк Кореянын мурдагы президенти Юн Сок Ёль 5 жылга эркинен ажыратылды

 

Сеул соту Түштүк Кореянын мурдагы президенти Юн Сок Ёлду камакка алууга тоскоолдук жараткандыгы боюнча күнөөлүү деп таап, аны беш жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Кылмыш иши Юн Сок Ёлдун 2024-жылдын декабрь айынын башында Түштүк Кореяда аскердик абал киргизүүгө аракет кылуусу менен байланыштуу. Мурунку өлкө башчысы бул чечимин Түндүк Кореяны колдогон антимамлекеттик күчтөрдү жок кылуу максатында чыгарганы менен түшүндүргөн. Бирок аскердик абал бир нече саат гана күчүндө болуп, парламент тарабынан жокко чыгарылган. Көп өтпөй депутаттар президентке импичмент жарыялоону колдошуп, Юн Сок Ёль кызматтан четтетилип, андан соң камакка алынган.

Ошондой эле сот Юн Сок Ёлду аскердик абалды киргизүү үчүн талап кылынган юридикалык жол-жоболорду сактабагандыгы үчүн да күнөөлүү деп тапты.

Чыгарылган өкүм азырынча мыйзамдуу күчүнө кире элек жана даттанууга мүмкүн.

Жалпысынан Юн Сок Ёлго карата өлкөдө аскердик абал киргизүүгө аракет кылганына байланыштуу сегиз кылмыш иши козголду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: