Өлкөдө чакан жана орто бизнеске, анын ичинде тигүүчүлөргө жеңилдетилген насыялар берилет (видео)
Өкмөт чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнө, анын ичинде тигүү тармагында иштеген ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды берет. Бул программа 14-январда кабыл алынганын экономика министри Бакыт Сыдыков, бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин "Ала-Тоо" депутаттык тобунун жыйынында билдирди.
Анын айтымында, программанын алкагында жалпы кредиттик портфелдин көлөмү 3-3,6 миллиард сомду түзөт. Анын ичинен 300 миллион сом насыя пайыздарын субсидиялоого багытталат.
"Ишкерлер 5 жылдык мөөнөткө жылдык 6 пайыз менен жеңилдетилген насыя ала алышат. Тигүүчүлөр үчүн андан да көбүрөөк жеңилдиктер каралган, мындан тышкары, жеңилдетилген мөөнөт дагы 6 айга узартылат. Алар мурда алган насыяларын кайра каржылоого, башкача айтканда, эски насыяларын ушул сунушталган насыяга алмаштырууга да мүмкүнчүлүк алышат",- деп түшүндүрдү министр жыйында.
Белгилей кетсек, "Ала-Тоо" депутаттык тобунун жыйынына тигүү тармагындагы жеке ишкерлер катышты.
Өлкөдө чакан жана орто бизнеске, анын ичинде тигүүчүлөргө жеңилдетилген насыялар берилет
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















