Айыл чарба министрлиги дыйкан, фермерлерге кайрылды
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкан-фермерлерге кайрылып, быйыл суу тартыштыгы байкалышы мүмкүндүгүн эскертти.
Мекеме тактагандай, климаттын өзгөрүшү жана жаан-чачындын азайышына байланыштуу, ушул жылы вегетациялык мезгилде суу тартыштыгы байкалышы мүмкүн. Ушул себептен сугат суусунун көлөмү чектелүү болуп, айрым аймактарда суунун жетишсиздиги күтүлүүдө.
Министрлик дыйкан-фермерлерди төмөнкүдөй чараларды көбүрөөк колдонууга чакырат:
- Сууну үнөмдөөчү технологияларды (тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу) кеңири пайдалануу;
- Сууну аз талап кылган айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өтүү;
- Кургакчылыкка чыдамдуу үрөндөрдү себүү.
Суу менен камсыздоо маселелери боюнча райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыктарына же министрликтин тиешелүү адистерине кайрылууга болот. Министрлик дыйкан-фермерлерди учурдагы кырдаалды түшүнүүгө жана сууну үнөмдөөчү ыкмаларды колдонууга өз үлүшүн кошууга чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















