"Тазалык" ишканасынын каза болгон кызматкерлери эскерилди (видео)
Бишкекте "Тазалык" ишканасында каза болгон кызматкерлерге куран окулуп, эскерилди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бул жыл "Тазалык" ишканасы үчүн абдан оор, жүрөк ооруткан жоготуулар менен эсте калды. Жыл ичинде жана жакында болгон кырсыктардан улам биз өз кесиптештерибизден айрылдык, ал эми айрым кызматкерлерибиз оор жаракат алышты. Бул жоготуулар ар бирибиздин жүрөгүбүздө терең из калтырды",- деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, каргашалуу окуя 30-декабрда Аламүдүн-1 кичи районунда орун алган. "Тазалык" ишканасынын кызматкерлеринин бири тайгаланып кетип, каналга түшүп кеткен. Аны куткарууга эки кесиптеши аракет кылып, бирок суунун күчтүү агымы үчөөсүн тең агызып кеткен.
Тазалык ишканасында каза болгон кызматкерлерди эскеришти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















