super.kg logo

Казакстанда атасын ур-токмокко алган балага сот өкүм чыгарды 

 

Казакстанда атасын ур-токмокко алган балага райондук сот өкүм чыгарды. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Андагы маалыматта, айыпталуучуга "Адамды атайылап жардамсыз абалда кыйноо" жана "Алсыз адамдын денесине оор залал келтирүү" деген эки берене боюнча айып тагылган. Мындан улам сот аны 5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Соттун басма сөз кызматы чечим чыгарууда айыпталуучунун мурда соттолбогону, күнөөсүн мойнуна алганы жана жашы жете элек балдары бар экени эске алынганын белгилеген.

Айта кетсек, бул иш коомчулукта чоң резонанс жараткан. Былтыр сентябрь айында социалдык тармактарда окуянын видеосу тараган. Кадрларда кары адамдын кандуу бетинин көрүнүшү бар. Ал өз алдынча тура албай калганда уулу аялын чакырып, экөө аны үйгө киргизген.

Андан кийин белгилүү болгондой, атасы көз жумган. Полиция жубайлар боюнча кылмыш ишин козгогон, бирок аялына карата козголгон иш далилдин жоктугунан токтотулган.










 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: