super.kg logo

Дайырбек Орунбеков айдоочулук күбөлүк боюнча кошумча маалымат берди

 
Эски үлгүдөгү күбөлүктөрдү акысыз алмаштырууга 1 ай убакыт берилди, эгер ал убакта жетишпей калгандар болсо кошумча убакыт берилет. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.
Маалыматка ылайык, эски үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн жасалма түрү убагында кеңири тарап кеткен. "Азыр деле Москвада жасап алып сатып жүргөндөр тууралуу маалыматтар бар. Көпчүлүгүнүн сүрөтү, жазуулары деле өчүп кетиптир",- деп билдирди ал.
Анын айтымында, эски күбөлүктү башка өлкөлөр дагы тааныбайт. Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү бир нече өлкө тааныйт, колдонуп жүрө берүүгө мүмкүн.
Мындан тышкары, жаңы берилген күбөлүктөр санариптештирилет, муну менен жасалма күбөлүк даярдоого мүмкүнчүлүк берилбейт. Ошондой эле толук алмаштыруу иштери аяктагандан кийин, мурдагы эски айдоочулук күбөлүктөр жараксыз деп табылат.
"Эң негизгиси - акысыз жана эч кандай кошумча документтерди талап кылбай шарт түзүп берип жатабыз. Айдоочулук күбөлүктөрү санариптештирилбеген жана "Түндүк" системинде көрүнбөгөн жарандар тиешелүү филиалдарга жеке өзү кайрылышы зарыл. Айдоочулук күбөлүктөрү "Түндүк" системинде көрүнгөн жарандар документтерди филиалдарга барбастан, онлайн форматта алмаштырып алсаңыздар болот",- деп белгиледи.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: