super.kg logo
  Саясат  

"Тигүү тармагына өзүнчө бөлүм керек". Ишкерлер депутаттарга өз сунуштарын айтышты (видео)

 

Сентябрь айында тигүү жаатына каатчылык келип, ишкерлердин Орусияга өз продукцияларын экспорттоосунда тоскоолдуктар жаралган. Жана да миңдеген тигүү цехтери жабылганын, бүгүн, 16-январда жеке ишкерлер Жогорку Кеңештин "Ала-Тоо" депутаттар тобунун жыйынында билдиришти.

Алардын айтымында, тигилген кийимдерди экспорттоодо мүчүлүштүктөр жараларын эч ким күткөн эмес. Ошол учурда маалыматка жетүү кыйындап, Экономика министрлигинин тийиштүү кызматкерлери ага жетишкен эмес. Ишкерлер тигүү өндүрүшү менен иштеген өзүнчө бөлүм ачып берүүнү суранышууда.

"Экономика министрлигинде чакан жана орто ишкерлик бөлүмү бар. Ал жакта 15 кызматкер иштейт. Алар бюрократиянын көптүгүнөн катка өз убагында жооп берүүгө жетишпей жатышат. Өзбекстанды мисалга алсак, Чакан бизнес жана текстилдик өндүрүш министрлиги бар. Тигүү багыты Кыргызстанда алтын кендери жана айыл чарбадан кийин эле үчүнчү орунда турат. Бизге өзүнчө бөлүм ачып бергиле. Ал жакка 2 кызматкерди бекитип берсеңер бир тармактуу ишибизди алып бармакпыз",- деди жеке ишкер Азамат Керимбек уулу.

Мындан тышкары, ишкер Орусиядан 2026-2027-жылдары буюртма берүү азая тургандыгын эскертип, дагы жолдорун табуу керектигин, ага мамлекеттик органдар менен бирдиктүү иш алып баруу зарылчылыгын кошумчалады.






Ишкерлер депуттатар менен болгон жыйында сунуштарын айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: