super.kg logo

Таласта курулуш ченемдерин сактабаган компанияга айып пул салынды

 
Талас районуна караштуу Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн Чоң-Токой айылындагы таза суу системинин курулушун долбоорлоодо, курууда техникалык регламенттердин, курулуш ченемдеринин, эрежелеринин жана курулуш стандарттарынын сакталбагандыгы аныкталды. Бул боюнча Курулуш министрлиги маалымдайт.
Кабарга ылайык, ал жерде башка ченемдик укуктук актылардын талаптары да бузулганы маалым болду.
Натыйжада, текшерүү актысы түзүлүп, курулуш иштерин аткарып жаткан “НТ Групп-строй” ЖЧКсына карата эки жүз миң сом эсебинде айып пул салынып, бузуулардын бирдиктүү реестрине киргизилди.
Министрлик курулуш тармагында иш алып барган бардык уюмдарды жана жеке жактарды өлкө мыйзамдарына ылайык курулуш талаптарын, ченемдерин жана эрежелерин так сактоого чакырат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: