super.kg logo

Астанада 82 жаштагы карыя небересинин кызына жасаган кылмышы үчүн 20 жылга соттолду

 

Астанадагы сот жети жаштагы чөбөрөсүнө карата сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерин жасаган 82 жаштагы эркекке өкүм чыгарды. Бул тууралуу Tengrinews.kz сайты "Жетинчи каналга" шилтеме берүү менен кабарлады.

Соттун аныктоосуна ылайык, кылмыш үйдө, туугандар кыздын жети жашка толгон күнүн белгилөө үчүн чогулган учурда болгон. Тергөөнүн маалыматына караганда, шектүүнү кылмыш үстүнөн жакын туугандары кармап, дароо укук коргоо органдарына кабарлашкан.

Маалым болгондой, кыздын апасы 2025-жылдын 5-апрелинен 6-апрелине караган түнү, окуя болгондон кийин дароо "Немолчи" фондуна кайрылган. Ал учурда ал баласын соттук-медициналык экспертизага алып бара жаткан. Фонддун билдирүүсүндө, шектүү адам жасаган кылмышынын мүнөзүн толук түшүнгөнү белгиленет.

Туугандары аны кармап алгандан кийин, ал изин жашырууга аракет кылып, дээрлик бир сутка бою качып жүргөн. Кийинчерээк ал полиция кызматкерлери тарабынан кармалган.

Соттук териштирүү учурунда окуянын күбөлөрүнүн көрсөтмөлөрү угулуп, алар болгон окуянын чоо-жайын толук тастыкташкан. Айыпталуучунун күнөөсү экспертизалардын, анын ичинде генетикалык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен далилденген.

Жабырлануучу тараптын адвокаты Азамат Сагал сот тарабынан чыгарылган өкүм мыйзамдуу жана негиздүү деп табылганын билдирди.

"Айыпталуучуга 20 жылга эркинен ажыратуу жазасы берилди. Жабырлануучу тарап өкүм менен толук макул жана аны мыйзамдуу, негиздүү деп эсептейт. Материалдык же моралдык доо арыздар берилген жок",- деди адвокат.

Учурда соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: