super.kg logo

"Нобель" комитети Трампка өткөрүлүп берилген сыйлыкка байланыштуу комментарий берди

 

Норвегиялык "Нобель" комитети Венесуэла оппозициясынын лидери Мария Корина Мачадо тынчтык медалын АКШ президенти Дональд Трампка өткөрүп бергенине байланыштуу комментарий берди.

Комитеттин Х социалдык тармагындагы билдирүүсүндө мындай жагдайга жол берилбеши керектиги белгиленди.

"Нобель" сыйлыгы жарыялангандан кийин аны жокко чыгарууга, бөлүштүрүүгө же башка адамдарга өткөрүп берүүгө болбойт. Бул чечим акыркы болуп саналат жана түбөлүккө күчүндө калат. Медалдын ээси өзгөрүшү мүмкүн, бирок "Нобель" тынчтык сыйлыгынын лауреатынын ысымы өзгөрбөйт",- деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Мария Корина Мачадо АКШ президенти Дональд Трампка өзүнүн медалын тапшырганын билдирген. Алар Венесуэладагы кырдаалды талкуулоо үчүн Ак үйдө жолугушуп, сүйлөшүү эки сааттан ашык убакытка созулган.

Белгилей кетсек, 2025-жылдагы "Нобель" тынчтык сыйлыгы Мария Корина Мачадого Венесуэла элинин демократиялык укуктарын илгерилетүү боюнча тынымсыз эмгеги үчүн ыйгарылган. Ал эми Дональд Трамп буга чейин бир нече жолу өзүнүн тынчтыкты орнотуудагы аракеттери үчүн "Нобель" сыйлыгына татыктуу экенин билдирип келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: